Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

«Замандаш» партиясынын лидери алмашты


«Замандаш» партиясынын экс-төрагасы Жеңиш Молдакматов.

2018-жылдан бери партияны жетектеп келе жаткан Жеңиш Молдокматов лидерликтен кетти. Бул тууралуу Молдокматов өзү «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында «Замандаш» партиясын мындан ары Аскарбек Өмүракунов жетектейт.

«Замандаш» партиясы - элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан, тарыхы таза, өз багыты бар партия, - деди Жеңиш Молдокматов. - Мухтарбек Өмүракунов башында туруп, эл назарына алынган, калктын купулуна толгон. Ушундай партияны жетектеп кетүү, жетекчи катары партиянын кадырын көтөрүү мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Партияны жетектеп жатып бийик, төмөн баскычтарды басып жатканда, бул партия мага берилген аманат экенин эстен чыгарбадым. Биз «Замандашты» саясий аренага күчтүү партия катары көрсөтүүгө аракет кылып, ар кандай кырдаалга жараша партиянын көз карашын билдирип турдук».

Жеңиш Молдокматов партиянын жаңы, жаш лидери Аскарбек Өмүракуновго мындан ары да колдоо көрсөтүп турарын айтып, өзү саясаттан кетпей турганын, жаңы аянтчаларда ишин улантарын кошумчалады.

Жеңиш Молдокматов буга чейин Фейсбуктагы баракчасына "Кудай буйруса, жакынкы күндөрү прогрессивдүү, конструктивдүү, жаңы генерациядагы муун менен чоң күч болуп чыгабыз. Күрөш али алдыда" деп жазган.

«Замандаш» партиясы чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген «Замандаш» ассоциациясынын негизинде 2007-жылы түзүлгөн. Ошол эле жылдан тартып жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып келе жатат.

Партиянын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракунов 2011-жылы, 46 жашында кырсыктан улам көз жумган. Аскарбек Өмүракунов анын уулу. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG