Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Шайлоо алдындагы жымжырттык күнү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо алдындагы жымжырттык күнү 9-январда эртең менен саат 8:00дө башталды.

Бул убакыттан тарта президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш. «Жымжырттык күнүндө» эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет. Аларды алып салуу жөнүндө талап жок.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган.

Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2 394 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG