Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Президенттик шайлоону «өттү» деп жарыялоо пайыздык чектен көз каранды эмес


Бишкектеги добуш берүү тилкелеринин бири.
Бишкектеги добуш берүү тилкелеринин бири.

Президенттик шайлоону «өттү» деп жарыялаш үчүн пайыздык чек каралган эмес. Жыйынтык шайлоочулардын канча пайызы катышса, ошого жараша чыгарылат. Добуш бергендердин жарымынан көбүнүн колдоосуна ээ болгон талапкер утат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 56-беренесине ылайык, талапкерлердин бири да шайлоочулардын эң көп добушун ала албаса, анда БШК шайлоочулардын кыйла көп добушун алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүү (2-тур) дайындайт.

БШК шайлоо өткөндөн кийин 20 күндөн кечиктирбестен, шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого тийиш.

Ал эми референдумду «өттү» деп жарыялаш үчүн шайлоочулардын 30% көбү добуш бериши керек.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы варианттары коюлган.

Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда.

Саат 16:00гө карата президенттик шайлоого 947 614 келип, катышуу 26,59% түздү.

Референдумга – 946 104 шайлоочу добуш берип, катышуу 26,55% жетти.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. (SE)

XS
SM
MD
LG