Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Караколдо тез татым жайында газ баллон жарылып, бир киши кайтыш болду


Каракол шаарында газ баллон жарылган тез татым күркөсү. 10-январь, 2021-жыл.
Каракол шаарында газ баллон жарылган тез татым күркөсү. 10-январь, 2021-жыл.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бүгүн, 10-январда тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, бир кишинин өмүрү кыйылды.

Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев "Азаттыкка" билдиргендей, жарылуу борбордук базарда жайгашкан тез татым жайында болгон. Анда иштеп жаткан эки жигит жарылуу болгондо күркөдөн секирип чыгып кеткенге үлгүргөн. Ал эми 18 жаштагы кыз чыга албай калып, кайтыш болду.

Жарылуунун себеби белгисиз. Өрт өчүрүү кызматы келип өрттү өчүргөн. Азыр жергиликтүү милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда газ баллондун жарылышынан 11 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага түшкөн болчу. (SE/KS)

XS
SM
MD
LG