Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Мурдагы министр Шайлообек Ниязов дүйнөдөн кайтты


Шайлообек Ниязов.

Кыргызстандын медицина тармагына эмгеги сиңген дарыгер, мурдагы саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу өкмөттүк аппарат маалымдады. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилердин атынан некролог жарыяланды.

Некрологдо: «Шайлообек Ниязов 1971-жылы Кыргызстандагы мамлекеттик медициналык институтту аяктап, эмгек жолун Майлы-Суудагы медициналык окуу жайында окутуучулук менен баштаган. Аталган окуу жайында жетекчи, аймактык ооруканада дарыгер болуп иштеп жүрүп, 1991-жылы Чүй облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

2000-жылдан тартып Улуттук госпиталда башкы дарыгер болуп иштеген. 2005-2007-жылдары саламаттык сактоо министри, андан кийин кайрадан Улуттук госпиталда иштеген.

Шайлообек Ниязов өз кесибине берилген мыкты адис, саламаттык сактоо тармагын реформалоодогу бир катар улуттук программаларды жигердүү иш алып барган жетекчи», деп жазылган.

Маркум саламаттык сактоо тармагындагы эмгеги үчүн «Саламаттык сактоонун отличниги», «Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери» жана мамлекеттик «Ардак грамота» менен сыйланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG