Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Таластагы №6109 шайлоо участогунда байкоочулар менен комиссия мүчөлөрү кайым айтышты


Сууктан улам иштебей калган үкөк. Талас шаары. 10-январь, 2021-жыл.
Сууктан улам иштебей калган үкөк. Талас шаары. 10-январь, 2021-жыл.

Таластагы №6109 шайлоо участогунда добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөк байма-бай иштебей калып жатканына байланыштуу байкоочулар нааразылык билдиришти.

Шайлоо участогунун төрайымы Багым Кыдыралиева бул техникалык мүчүлүштүктү жоюу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында үкөк суукка байланыштуу иштебей калып жатышы ыктымал.

№6109 шайлоо тилкеси Талас шаарындагы медициналык коллежде жайгашкан. Бул - шаардагы ири добушканалардын бири, анда 1719 адам каттоодо турат.

Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 157 886 шайлоочу бар.

Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Таласта 500дөн ашуун милиция кызматкери тартипке көз салып жатат.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG