Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

БШК: Саат 16:00га карата шайлоочулардын 26,5% добуш берди


Түркиядагы элчиликте ачылган шайлоо участогунда добуш берүү. Анкара, Түркия. 10-январь, 2021-жыл.
Түркиядагы элчиликте ачылган шайлоо участогунда добуш берүү. Анкара, Түркия. 10-январь, 2021-жыл.

Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө карата кезексиз президенттик шайлоого шайлоочулардын 26,59% (947 614 адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 26,55% (946 104 адам) түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалыматына караганда, добуш берүүнүн көрсөткүчү Ысык-Көл облусунда 31,61%, Ош шаарында 30,57% ашты. Нарын облусунда 30,21%, Баткен облусунда 27,84%, Жалал-Абадда 27,33%, Ош облусунда 26,79%, Талас облусунда 24,98%, Бишкекте 25,24% жана Чүй облусунда 22,39% тегерегинде шайлоочулар добуш берди.

Чет өлкөлөрдө 7384 шайлоочунун 14,92% добушу берди. 28 чет өлкөдө 48 шайлоо тилкеси ачылган. Азырынча бир добуш берүү участогу - АКШнын баш калаасы Вашингтондогу элчиликтен орун алган добушкана ишин баштай элек.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Кыргызстандын өзүндө 2438, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. (ZKo)

XS
SM
MD
LG