Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Түштүк Сахалинде алгачкылардан болуп шайлоо аяктады


Шайлоо тилкесиндеги добушкана. Ош шаары. 10-январь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоо тилкесиндеги добушкана. Ош шаары. 10-январь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Түштүк Сахалин аймагындагы консулдук бөлүмдө ачылган шайлоо участогу Бишкек убактысы боюнча 10-январда, саат 3:00тө ачылган. Алгачкылардан болуп ишин баштаган бул шайлоо тилкеси ишин да биринчилерден болуп жыйынтыктады. Андан тышкары Владивосток шаарындагы шайлоо участогунда да добуш берүү аяктады. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаров брифингде билдирди.

Орусияда Түштүк Сахалинден тышкары Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Сургут шаарларында шайлоо тилкелери бар.

Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 600 миңдей кыргызстандык миграцияда, шайлоо тизмесине катталгандар мунун 10% да түзбөй турганын Орусиядагы кыргызстандык активисттер маалымдап келишет.

Мындан тышкары Жапонияда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Индияда, Пакистанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда, Германияда, Украинада, Астрияда, Италияда, Францияда, Улуу Британияда жана АКШда да шайлоо тилкелери бар.

Учурда чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон жана биометрикалык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктар добуш берүүдө.

Тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаровдун билдиргенине караганда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00кө карата чет өлкөлөрдө 5 124 кыргызстандык шайлоочу добуш берди. Бул жалпы чет жактарда катталган шайлоочулардын 10% түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG