Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Жүзбаева: көзү азиздерге арналган бюллетендер талапка жооп бербейт


Добуш берүү тилкелеринин биринде тартылган сүрөт. Кабардагы маалыматка тиешеси жок.
Добуш берүү тилкелеринин биринде тартылган сүрөт. Кабардагы маалыматка тиешеси жок.

Шайлоодо көзү азиз жарандар үчүн даярдалган добуш берүү бюллетендери талапка жооп бербейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Көзү азиздер федерациясы» уюмунун жетекчиси Гүлназ Жүзбаева билдирди:

«Көзү көрбөгөн адам кагаздагы жазуу каерден башталып, каерде бүтөрүн билбейт. Талапкерлердин аты-жөнү Брайл шрифтинде окуганга ыңгайсыз басылган».

Жүзбаева Бишкектеги №1133, №1134 шайлоо тилкелеринде өзү буга күбө болгонун айтып, муну көзү азиздердин добуш берүү укугун бузуу катары сыпаттады. Далил катары бюллетендерди видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялады.

Президенттик шайлоодо жана башкаруу тартибин аныктаган референдумда добуш берүү үчүн жалпы 3 567 138 бюллетень даярдалган, анын 4948и Брайл шрифтинде көзү азиздерге ылайыкталган.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы варианттары коюлган.

Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда.

Саат 16:00гө карата президенттик шайлоого 947 614 келип, катышуу 26,59% түздү.

Референдумга 946 104 шайлоочу добуш берип, катышуу 26,55% жетти.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. (SE)

XS
SM
MD
LG