Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Пакистанда медиктерди коштоп жүргөн полиция кызматкерин атып кетишти


Шал оорусуна каршы вакцина алып жаткан наристе. 2-декабрь, 2020-жыл.
Шал оорусуна каршы вакцина алып жаткан наристе. 2-декабрь, 2020-жыл.

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медиктерди коштогон полиция кызматкерин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу расмий бийликтин өкүлдөрү билдиришти.

Окуя өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 12-январда болгон.

Полициянын маалыматына караганда, тартип коргоочуну мотоциклде бараткан согушкерлер атып, көздөн кайым болушкан. Учурда кылмышкерлер изделип жатат. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна алган жок.

Соңку он жылда пакистандык талибдер шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медкызматкерлерди жана полиция өкүлдөрүн өлтүрүшкөн. Алар эмдөө мусулмандарды тукум курут кылууга багытталган деп эсептешет.

Шал оорусуна каршы жалпы элдик эмдөөнүн башталганына эки күн болгон. Бул жолку өнөктүктүн алкагында өлкөдөгү 40 миллион баланы эмдөө каралган. Шал оорусу менен адатта беш жашка чейинки балдар жабыркайт. Анын кесептинен улам балдар өмүр бою баса албай калышы мүмкүн. Бул оорунун дарысы жок болгондуктан, эмдөө андан коргонуунун жалгыз жолу болуп эсептелинет.

.

XS
SM
MD
LG