Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Ооганстанда талибдер менен кагылышта бери дегенде 13 полиция кызматкери өлдү


Ооганстанда тартылган сүрөт. Кабардагы окуяга тиешеси жок.
Ооганстанда тартылган сүрөт. Кабардагы окуяга тиешеси жок.

15-январда кечинде Ооганстандын Герат провинциясында "Талибан" кыймылынын жоочулары чек ара тозотуна кол салып, бери дегенде 13 полиция кызматкери набыт болду. ТАСС агенттиги кабарлагандай, Герат полициясынын өкүлү жергиликтүү телеканалга кол салууну кыймылдын тыңчылары уюштурганын билдирген. Алар өлтүрүлгөн полиция кызматкерлеринин куралдарын да алып кеткен.

Чабуул АКШнын Коргоо министрлиги жума күнү Ооганстан менен Ирактагы америкалык аскерлердин саны эки жарым миңге чейин кыскартыларын жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин болду.

"Талибан" кыймылы - Кыргызстанда экстремисттик уюм деп таанылган. 2006-жылы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен аталган кыймылдын өлкө аймагында ишмердик жүргүзүшүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG