Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:21

Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратова операция болду, абалы канааттандырарлык


Анжелика Кайратова.
Анжелика Кайратова.

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратова Бишкекке жеткирилип, операция болду, абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу 24-январда “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун басма сөз кызматкери Назгүл Курамаева билдирди.

Анын айтымында, ырчы оорукананын реанимациясына кечээ, 23-январда түшкөн, бүгүн мекеменин жетекчиси Сабырбек Жумабеков чукул операция жасады:

“Азыр ал наркоздон чыгууда. Омурткасы жабыркаптыр, азыр калыбына келди. Балтыры да жабыркаган. Операциядан кийинки абалы боюнча дагы маалымат берилет”.

Кырсык Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон. Ырчынын кичүү кызы да эки бутунан травма алганы кабарланууда. (RK)

 

XS
SM
MD
LG