Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:14

Аялдарда заара-жыныс органдарынын оорулары көп катталууда


Бишкектеги ооруканалардын бири.

Улуттук статистика комитети 2019-жылы жалпы ооруган калктын динамикасын чыгарып, дарыгерге кайрылган 1,5 миллионго жакын жарандын 57% аялдар, 43% эркектер болгонун аныктады.

Ооруган аялдардын 80% заара-жыныс жолунун дарттары менен катталган. Мындан тышкары эндокриндик система, тамактануунун бузулушу, зат алмашуунун начарлоосу 67,9%, шишик оорулары 67,1%, кан жана иммундук системанын бузулушу 61,7% деп эсептелген.

Эркектер жана аялдар арасында шишик ооруларынын өнүгүшү да айырмаланып турат - эркектер шишик ооруларынын кайсы бир түрүнө көбүрөөк жакын болсо, аялдар башка түрлөрүнө көбүрөөк чалдыгышат.

Ошентип, аялдардын арасында онкологиялык патология менен эмчек безинин залалдуу шишик оорулары (20,2%), андан кийин жатын моюнчасынын шишик оорулары (13,5%), ашказан (8,3%), жумурткалар (5,3%), жатындын (4,6%) жана жоон ичегинин (2,7%) оорулары түзөт.

Ал арада аялдарга караганда эркектер төрт эсе көп өз жанын кыюуга барышат. Эркектердин жол кырсыгынан болгон өлүмү да аялдарга караганда төрт эсе көп. (BCh)

XS
SM
MD
LG