Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Индонезия ирандык кеме мунай аткезчилиги менен кармалганын жарыялады


Индонезиянын бийлиги мунай аткезчилиги менен алектенди деген шек менен Иранга жана Панамага таандык эки танкерди кармады. Бул тууралуу өлкөнүн Деңиз коопсуздугу боюнча агенттиги кабарлады. Кемелер Понтианак шаарындагы деңиздин жээгинде кармалган. Анда танкерлер кайсы өлкөгө таандык экенин көрсөткөн системасын өчүрүп, радио чалууга жооп берген эмес. Кемелерде экипаждын 61 мүчөсү болгон.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде Индонезиянын бийлигинен окуя боюнча түшүндүрмө талап кылды.

Буга чейин АКШнын санкцияларын кыйгап өтүү максатында Иран кемелериндеги көзөмөл системасын өчүрүп, мунай сатып келет деп айтылып келген.

XS
SM
MD
LG