Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Жогорку сотто Аида Салянованын лицензия боюнча иши каралат


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку сот 27-январда мурдагы юстиция министри, экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан кароого киришет.

Салянованын адвокаты Рабига Садыкова «Азаттыкка» билдиргендей, Жогорку соттогу биринчи отурум саат 10.30га белгиленген.

Буга чейин алгачкы соттук териштирүү 6-январга коюлуп, прокурор даяр эмес экенине байланыштуу 27-январга жылган.

Иш Жогорку сотто Аида Салянованын адвокаттарынын жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо тууралуу доо арызынын негизинде каралмакчы.

Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес.

Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир кылмыш иши учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат. (NT)

XS
SM
MD
LG