Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Активисттер парламенттин таркашын талап кылышууда


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 27-январда жергиликтүү активисттер парламентти таркатууну талап кылып нааразылык акциясын өткөргөнү жатышат.

Бул тууралуу жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. Нааразы тарап азыркы Жогорку Кеңештин мөөнөтү былтыр октябрда эле бүткөнүнө байланыштуу аны таркатыш керек деп эсептейт.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акция тууралуу Бишкек шаардык мэриясына алдын-ала кабар берилген.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келди.

Октябрдын аягында Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүн 2021-жылдын июнуна чейин узарткан. Буга өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал жүйө келтирилген. (NT)

XS
SM
MD
LG