Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды


Мухаммедкалый Абылгазиев. 30-апрель, 2020-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев. 30-апрель, 2020-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады.

Бул тууралуу кабарды «Азаттыктын» ишенимдүү булактары ырасташты. Маалыматка караганда, Абылгазиев 26-январда УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармалган. Экс-премьерге карата Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айып коюлууда.

Айрым маалыматтарга ылайык Абылгазиевге карата Кумтөр кенин иштетүү боюнча соңку келишимдерге байланыштуу иш козголушу мүмкүн. Атайын кызмат мурдагы өкмөт башчынын кармалышы тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары мурдагы өкмөт башчы УКМКда мыйзамсыз баюу фактысына байланыштуу сурак берип жатканын күч органдарындагы булактарга таянып жазып чыгышкан.

53 жаштагы Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-2020-жылдары кыргыз өкмөтүн башкарган. Былтыр коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда кызматтан кеткен.

Буга чейин Абылгазиев пандемияда гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип чыккан.

XS
SM
MD
LG