Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

АКШ Сенаты Энтони Блинкендин мамкатчылык кызматка талапкерлигин карайт


Энтони Блинкен. 2021-жылдын 19-январы.
Энтони Блинкен. 2021-жылдын 19-январы.

АКШнын Сенаты 26-январда демократ Энтони Блинкенди өлкөнүн жаңы мамлекеттик катчысы (тышкы иштер министри) кылып кызматка бекиткени турат.

Президент Жо Байден былтыр ноябрда эле Блинкендин бул кызматка талапкерлигин көрсөтөрүн жарыялаган. 25-январда Сенаттын Тышкы карым-катнаштар комитети 15 «макул», үч «каршы» добуш менен Блинкендин талапкерлигин колдоп добуш берген.

Сенаттын көпчүлүгүнүн жаңы лидери, демократ Чак Шумер эми бул добушту күн тартибине киргизди. Шейшембиде Сенатта көпчүлүк Блинкенди колдошу күтүлүп жатат.

Айрым республикачы сенаторлор да тышкы саясаттагы орчундуу маселелерди чечүүгө тез арада өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш үчүн Блинкендин талапкерлигин маалкатпастан бекитүүгө чакырышууда.

Блинкен АКШнын дипломатиясын Трамптан кийинки мезгил үчүн түп тамырынан жаңылантуу милдетин аркаламакчы. Трамптын «Биринчи орунда – Америка» деген урааны тышкы саясатта өлкөнү обочолонуу нугуна буруп келген.

Алгачкы баскычта Иран менен өзөктүк маселе жаатында кызматташуу, Евробиримдик сыяктуу шериктер менен мамилени кайра жакшыртуу, Кытай менен салкындаган мамилелерди жөнгө салуу сыяктуу милдеттер күтүп турат. (TT)

XS
SM
MD
LG