Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Сот Абдил Сегизбаевди эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынды. Бүгүн, 27-январда анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармалмай болду.

26-январда Башкы прокуратура УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени тууралуу далилдер табылганын маалымдаган. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүнө караганда, 14-январда «Белизгейт иши» боюнча мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен иш Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Сегизбаевдин камалышын анын адвокаты Кантемир Турдалиев мыйзамсыз деп билдирген. Ал «Абдил Сегизбаев суракка менин катышуумсуз кирген. Анткени аны суракка күбө катары чакырышкан. Мындай жагдайда адвокаты жок эле катыша берсе болот. Андан кийин «адвокат келсин» деп мени чакырышты. Мен келген учурда мага шектүү катары чыгарган протоколду көрсөтүштү. Иштин жагдайлары менен таанышайын десем, мага бир да кагаз беришкен жок. Тергөөдө мыйзамсыз иштер болгон. Биз прокуратурага же сотко кайрылабыз» деп 27-январда «Азаттыкка» айткан. (RK/MiK)

XS
SM
MD
LG