Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Казакстанда мунай кенинин жумушчулары иш таштады


«АМК-Мунай» компаниясынын иш таштаган жумушчулары.
«АМК-Мунай» компаниясынын иш таштаган жумушчулары.

Казакстандын Актөбө облусундагы Башенкөл кенин иштеткен «АМК-Мунай» мунай компаниясынын 60ка жакын жумушчусу иш таштады.

Алар маянаны 100% көтөрүүнү талап кылууда. Өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылган жумушчулар учурда 67 миң теңгени түзгөн маянаны 150 миңге теңгеге чейин көтөрүүнү талап кылышты.

«Айлыкты көтөрүү - биздин жалгыз талабыбыз. Майрам күндөрү, түнкү күзөттө иштеген учурда мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөнбөйт», деп айтылат кайрылууда.

Жумушчулар буга чейин тиешелүү органдарга кайрылганы менен көңүл бурулбай жатканын айтышкан.

«АМК-Мунай» компаниясынын жетекчилиги «Азаттыктын» казак кызматына ишканада жумуш токтогонун четке кагып, бирок жумушчулардын талабы талкууланарын билдирген.

Бул Актөбөдөгү акыркы аптадагы мунайчылардын экинчи акциясы. Беш күндөн бери Көкжиде кениндеги жумушчулар да иш таштап, айлык акыны 100% көтөрүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG