Коронавирустун пайда болушунун себебин иликтеген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери 31-январда Ухань шаарындагы жан-жаныбарларды саткан базарга барышты. Айрым версиялар боюнча алгач коронавирус дал ошол базардан чыккан. Соода жайы былтыр жабылган бойдон ачыла элек. Эксперттер күчөтүлгөн кайтаруу шартында барып, бир саат анын тегерек-четин кыдырышты.
Ухань шаарына барган көз каранды эмес эксперттер жакынкы күндөрү лабораторияларды жана ооруканаларды кыдырып чыгууну көздөп жатышат. Алар ошондой эле коронавируска алгач чалдыккан бейтаптар менен жолугуп, сүйлөшүүнү болжошууда.
Пандемия башталганда АКШ Кытайды илдеттин жайылуу масштабын жашырганы үчүн айыптаган. Бээжин бул дооматтарды четке каккан.
Коронавирус 2019-жылдын аягында Ухань шаарында пайда болгон. Андан бери илдет дүйнөдө 100 миңден көп адамдын өмүрүн алды. Учурда анын ар кандай мутацияланган түрлөрү жайылып жатат. Илимпоздор азыркы кезде эң кооптуусу түштүк африкалык штамм экенин айтышууда. Анткени ал жугуштуу экени жана учурдагы вакциналарга да туруштук бере алары кабарланды.