Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Коронавирус бир күндө дагы 59 кишиден табылды


Коронавируска байланыштуу дене табын текшерүү учуру. Бишкек шаары, 2020-жыл.
Коронавируска байланыштуу дене табын текшерүү учуру. Бишкек шаары, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-февралдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде оору 59 кишиден жаңы аныкталды.

Бир күн ичинде адам өлүмү катталган жок.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 588 адамды түздү. Анын 80 987си сакайган. Бир күндө 91 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пандемияда илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1412 кишини түздү.

18-августка чейин вирустан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып келген. Бирок бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 581 бейтап стационарда, 674 киши үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG