Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Парламент депутаттарына, премьерликке талапкер Мариповго каршы акция өтүүдө


Митингдин катышуучулары. 2021-жылдын 3-февралы.
Митингдин катышуучулары. 2021-жылдын 3-февралы.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында ушу тапта парламенттин депутаттарына жана премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Улукбек Мариповго каршы акция өтүп жатат.

Анын катышуучулары 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин коомчулук люстрацияны талап кылганын, үмүтү акталбай жатканын айтышууда. Жалпысынан 30дай киши топтолуп турат.

Өзүн Руслан Жумалиев деп тааныштырган адам: «Марипов кетсин, бүт 120 депутат кетсин. Бизге люстрация керек. 120 депутат мыйзамсыз отурат. Мариповдун кереги жок. Ал үч ай иштегиче, андан көрө Новиков эле боло берсин», - деп айтты.

Митингчилердин талаптары боюнча өкмөт жана парламент азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 3-февралда премьер-министрдин кызматына талапкер Улукбек Марипов сунуш кылган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы талкууланып жатат.

Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамы 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG