Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Башкы прокурор: Сегизбаев боюнча беш иш тергелүүдө, Жолдубаева да сурак берип жатат


Индира Жолдубаева жана Абдил Сегизбаев. Архивдик сүрөт.
Индира Жолдубаева жана Абдил Сегизбаев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатат, алтынчы да иш бар. Бул тууралуу 9-февралда “Азаттык” радиосуна башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Анын айтымында, ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат:

«Ушул иштердин баарына тергөө баа берет. Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат. Күнөөсү болсо эч ким жооп бербей калбашы керек. Ал эми күнөөсү жок болсо саясий ураан менен жоопко тартпашыбыз керек.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

2016-жылы Сегизбаев Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары боюнча Белизден келген документтер ыкчам маалыматтардын арты менен табылды десе, “Ата Мекен” фракциясы жасалма жана бурмаланган документтер аркылуу каралоо операциясы жүрүп жатканын билдиришкен.

Индира Жолдубаева ошол кезде Башкы прокуратураны жетектеп турган.

Сегизбаевдин адвокаттары Зулушевдин айткандары боюнча азырынча азырынча комментарий берише элек. (RK)

XS
SM
MD
LG