Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Матраимов сотто коррупция боюнча коюлган айыпты моюнуна аларын билдирди


Райымбек Матраимов сот залында. 2021-жылдын 11-февралы.
Райымбек Матраимов сот залында. 2021-жылдын 11-февралы.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 11-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча сот отуруму өтүп жатат.

Матраимов сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

Айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан териштирүү жүргүзүлбөстөн дароо жарыш сөз башталары айтылды.

Прокуратуранын өкүлү Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу бойдон толтурганын, ага 260 миң сом өлчөмүндө айып төлөтүү түрүндө жаза чегерүүнү өтүндү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG