Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Тажикстандагы жер титирөө Ошто жана Баткенде 4-4,5 балл болуп сезилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-февралга караган түнү Тажикстанда болгон жер титирөө Кыргызстандын да чектеш аймактарында сезилди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиргендей, 12-февралда саат 23:00 чамасында Тажикстандын аймагында күчү болжол менен 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жердин титиреши Кыргызстандын Ош облусунун аймагында 4,5 баллга, Баткен облусунда төрт баллга чейин сезилди.

Баштапкы маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Мургаб районунда болду. Бул район өлкөнүн борбор шаары Дүйшөмбүдөн 700 чакырым аралыкта жайгашкан. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.(RK)

XS
SM
MD
LG