Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:40

УКМК төрагасы Ташиев Германияда жүрөгүнөн операция болду


Камчыбек Ташиев ооруканада. Сүрөт президент Садыр Жапаровдун "Телеграм" каналынан алынды.
Камчыбек Ташиев ооруканада. Сүрөт президент Садыр Жапаровдун "Телеграм" каналынан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болду.

Президент Садыр Жапаров “Телеграмдагы” каналына “Ташиев жүрөгүнөн операциядан кийин өзүн жакшы сезүүдө” деп жазды.

Атайын кызматтын башчысынын “Фейсбуктагы” баракчасына анын санаалаштары үч саатка созулган операция “өтө оор жүргөнүн”, ал өзү “Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым менен, элиме кылган эмгегим менен жооп беремин" деп билдиргенин жазып жатышат.

Ташиев чет жакка доктурдун сунушу боюнча барууга мажбур болуп жатканын билдирип, 6-февралда жөнөп кеткен.

Ал буга чейин дагы сыркоолоп, ооруканага жатып чыкканын жазган. Анда УКМК Ташиевдин ден соолугу канааттандырарлык экенин билдирген.

52 жаштагы Камчыбек Ташиев былтыр октябрдан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт. (RK)

XS
SM
MD
LG