Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:09

Борбор Азиянын туристтик уюмдары кризисти талкуулашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор Азиядагы туристтик ассоциациялардын жетекчилери кризистен чыгуунун жолдорун талкуулашты. Виртуалдык “тегерек стол” форматында өткөн талкуунун уюштуруучуларынын бири Сергей Макаров 13-февралда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, коронавирус пандемиясынын айынан туризм рыногунда түзүлгөн абал жана экономиканын бул тармагын болушунча тезирээк калыбына келтирүү үчүн биргелешип иштөө тууралуу сөз болду.

Жыйында 2020-жыл туризм үчүн жоготуу алып келгени айтылып, түзүлгөн абалдан чыгуу үчүн өз ара интеграция керектиги, аймактагы бардык өлкөлөрдү камтыган туристтик маршруттарды түзүү, Борбор Азия аймагынын жалпы брендин жайылтуу зарылдыгы белгиленди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр аймакта 2020-жылдын жазында киргизиле баштаган.

Туризм боюнча дүйнөлүк уюмдун (UNWTO) маалыматына караганда, жалпы дүйнөдө бул тармак 2020-жылдын 10 айында 935 миллиард долларлык чыгымга учурады.

Кыргызстандын чыгымы боюнча расмий маалымат жарыялана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG