Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Ооганстанда жанкечтинин чабуулунан беш полициячы мерт кетти


Ооганстан. 11-февралда тартылган сүрөт.
Ооганстан. 11-февралда тартылган сүрөт.

Ооганстанда бир күндө эки жерде кол салуу болуп, кеминде беш полиция кызматкери каза болду жана 12си жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып «Азаттыктын» ооган кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкө түштүгүндөгү Кандагар вилайетинде «Талиптер» кыймылынын жанкечтиси көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанында бомбасы бар автоунааны жардырып жиберди. Анын айынан 12 полициячы жарадар болду.
Министрликтин басма сөз катчысы Тарик Ариандын айтымында, кол салган киши Кандагардын Аргандаб районунда жайгашкан көзөмөл пунктуна жете электе эле аныкталды жана бутага алынды.

Чыгыштагы Кунар вилайетине караштуу Чапа-Дара районунда түн ичинде болгон кол салуудан беш полициячы набыт болду, деди вилайет кеңешинин мүчөсү Мухаммад Сапай.

Талиптер кыймылынын жоочуларынын чабуулдары улам көбөйүп жатканы жакында АКШнын Ооганстандагы кайра куруу боюнча атайын инспекторатынын (SIGAR) жаңы баяндамасында белгиленди.

НАТО баштаган эл аралык тынчтык даратуу миссиясынын маалыматына караганда, былтыркы 1-октябрдан 31-декабрга чейин Ооганстанда 2 586 карапайым киши жабыркаган. Анын 810у каза болгон.

Батыш колдогон Кабулдагы өкмөт менен эскичил талиптердин ортосунда тынчтык орнотуу далаалаттарына карабастан, өлкөдө террордук кол салуулар жана башка зордук-зомбулук аракеттери тыйылбай келет. (RK)

XS
SM
MD
LG