Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Косоводо парламенттик шайлоо өтүп жатат


Косоводо мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкөдөгү 2400дөн ашык добушкана жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.00дө ачылды. 1,8 миллионго жакын шайлоочу кечки саат 19.00гө чейин добуш бере алат. Өлкөнүн 120 депутаттан турган парламенти үчүн 28 саясий партиядан 1000ден ашык талапкер ат салышууда.

Пандемия шартында шайлоочулар добушканаларга беткап тагынып келип, эки метрлик аралыкты сакташы керек. Ал эми вирус жугузуп алган шайлоочулар атайын түзүлгөн мобилдик топтордун жардамы менен добуш бере алышат.

Баштапкы сурамжылоолор боюнча, солчул-улутчул саналган “Ветевендодже” ("Өзүн-өзү аныктоо") партиясы добуштардын 50 пайызын алышы мүмкүн.

Бул жолку шайлоо өлкө эгемендик алгандан берки бешинчи жолку добуш берүү болуп саналат.

2008-жылга чейин Сербиянын курамында болуп келген Косово эгемендигин жарыялаган. Аны АКШ, Евробиримдиктин бир топ өлкөлөрү тааныган. Бирок Белград жана Москва, ошондой эле бир нече мамлекет Косовону дагы деле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG