Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Бишкекте тогуз, Ошто эки партия жергиликтүү шайлоого катышарын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин бүгүнкү күнгө карата тогуз партия билдирди. Бул тууралуу 16-февралда "Азаттык" радиосуна Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу тууралуу ниетин эки партия билдиргенин Ош шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев маалымдады.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG