Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Баткен акимчилиги: Тажик тарап баштаган көпүрө курулушу токтотулду


Кыргызстан. Баткен. Самаркандек. Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылдын 16-февралы.
Кыргызстан. Баткен. Самаркандек. Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылдын 16-февралы.

Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде салына баштаган көпүрөнүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда “Азаттык” радиосуна Баткен райондук акимчилиги кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүн Самаркандек айылындагы чек арада Тажикстан жарандары көпүрө курууга аракет кылып, 12 даана атайын даярдалган бетондорду түшүрүп, казуу иштерин баштаган.

“Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүп, курулуш иши башталган аймак Кыргызстанга таандык экени такталгандан кийин тажикстандыктар шаймандарын жана бетондорун алып чыгып кетишти, казылган жай калыбына келтирилди” деп билдирди акимчиликтин маалымат кызматы.

Тажикстан тарап Баткен райондук акимчилигинин бул маалыматы жана Самаркандектеги окуя боюнча расмий комментарий бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара сызыгы 970 чакырымдай түзсө, анын 60 пайызы такталып, калган бөлүгү шартуу чек ара боюнча турат. Такталбаган тилкелер боюнча талаш-тартыш көп чыгып, жаңжалга айланып кеткен учурлар тез-тез катталат. Өткөн жумада чек арадагы Ак-Сай айылында, Миң-Өрүк аймагында жердин айынан талаш жаралып, жергиликтүү тургундар маселенин чечилишин тездетип берүү талабы менен эки жолу облус борборуна барышкан.

10-февралда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген. Мекеме кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымал экенин билдирген. (JsA)

XS
SM
MD
LG