Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Аба ырайы: айрым жерлерде кар жаайт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору чукул билдирүү таратып, 20-февралдан 23-февралга чейин аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. 21-22-февралдарда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

19-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 18…23;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 4…9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -1…-6 градус болот.

19-февралда Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG