Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Эл аралык мунапыс уюму Навальныйды "абийир туткуну" деп тааныган чечимин өзгөрттү


Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный. 20-февраль, 2021-жыл.
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный. 20-февраль, 2021-жыл.

Эл аралык мунапыс уюму (AI) Алексей Навальныйды «абийир туткуну» деп мурда тааныган чечимин кайра артка кайтарып алды. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчи орун басары Денис Кривошеевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда мындай чечимге келүүгө оппозициячыл саясатчынын 2000-жылдардын ортосунда жек көрүүчүлүк маанайдагы жасаган билдирүүлөрү себеп болду.

«Навальный коррупциянын бетин ачкан иликтөөлөрү, саясий активдүүлүгү жана Путиндин өкмөтүн сындаганы үчүн кесилди. Биз Навальныйга жана башкаларга жасалган адилетсиз мамилени токтотуу өнөктүгүн уланта беребиз,"-деп билдирди Amnesty International.

Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальный 1 ай мурда Германиядагы дарылануудан кайтып келери менен кармалганда Эл аралык мунапыс уюму аны "абийир туткуну" деп атап, орус бийлигинин аракеттерин сынга алган.

44 жаштагы Алексей Навальныйдын камалышына каршы жүрүштөргө чыккан миңдеген адамдар кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG