Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Бишкекте муниципалдык кризистик борбор ачылды


Бишкекте ачылган жаңы кризистик борбор
Бишкекте ачылган жаңы кризистик борбор

Баш калаа Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн алгачкы муниципалдык кризистик баш калка борбору ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

“Аялзат” деп аталган борборго запкы көргөн бардык аялдар барып, баш калкалай алат.

Анда аялдарга психологиялык, юридикалык жана медициналык жардам боюнча кеңеш берилет.

Борбордун кызматкерлери сот залдарында, укук коргоо органдары менен жолукканда коштоп жүрүшөт.

Эл аралык донорлордун жана эксперттердин колдоосу менен турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча ар кандай программалар ишке ашырылат.

Коопсуздук максатында борбордун дареги көрсөтүлгөн эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.

Бишкекте буга чейин аялдар үчүн бейөкмөт уюмдар ачкан гана башкалка борборлор иштеп келген. (BCh)

XS
SM
MD
LG