Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Грузин оппозиция өкүлдөрү парламент имаратынын алдына чатырларды тигишти


Грузин оппозиция өкүлдөрү парламент имаратынын алдында чатыроар тигип алышты. Тбилиси. 2021-жылдын 27-февралы.
Грузин оппозиция өкүлдөрү парламент имаратынын алдында чатыроар тигип алышты. Тбилиси. 2021-жылдын 27-февралы.


Грузин оппозициясы жана жарандык укук коргоочулар борбор шаар Тбилисидеги парламент имаратынын алдына он чакты чатыр тигишти.
26-февралда Тбилисидеги оппозициялык партиянын штабына полициянын кол салуусуна жана анын лидеринин камалышына нааразы болгон көчө жүрүштөрүнөн жана нааразылык жыйындардан кийин оппозиция өкүлдөрү чатырларда түнөштү.

Грузиянын жана НАТОнун желектерин көтөрүп, жазууларды көтөрүп жүргөн миңдеген кишилер Грузия парламентинин имаратынын алдына митингге чыгып, кезексиз парламенттик шайлоону жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышты.

Тбилисидеги нааразылык жүрүш. 2021-жылдын 26-февралы.
Тбилисидеги нааразылык жүрүш. 2021-жылдын 26-февралы.

Оппозициянын тарапкерлери парламенттин алдына 11 чатыр тигип, талаптары аткарылмайынча нааразычылык чараларын уланта беребиз деп убада беришти.

Нааразылык чаралары 23-февралда эртең менен Бириккен Улуттук Кыймылдын (БУК) Тбилисидеги штаб-квартирасына полиция тарабынан жасалган чабуулдан кийин башталды.

БУКтун лидери Ника Мелия, ошондой эле, башка да бир нече оппозиция өкүлдөрү камакка алынды. Полиция Мелияны 2019-жылдын жай мезгилинде өкмөткө каршы нааразылык чаралары маалында калайыкты зордук-зомбулукка үндөдү деп айыптоодо. Мелия ага коюлган айыптарды саясий жүйөө катары четке какты.

АКШ Сенатынын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы, сенатор Боб Менендез (Нью-Жерси штатынан шайланган демократ) Германия, Литва, Эстония, Латвия, Польша жана Чехиядагы кесиптештерине кошулуп, Грузиядагы "туруксуздаштырууга түрткөн жана антидемократиялык аракеттерге" өз тынчсыздануусун билдирди. (TT)

XS
SM
MD
LG