Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өтүп жатат


Күлүйпа Кондучалова. Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитинин сайтынан алынган сүрөт.
Күлүйпа Кондучалова. Өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитинин сайтынан алынган сүрөт.

Бишкекте, Улуттук опера жана балет театрында ушу тапта Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, мурдагы маданият министри Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өтүп жатат.

Жыйында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Кондучалова маданият тармагын жетектеген мезгилде кыргыз маданиятынын алтын доору башталганын айтты.

Кыргыз эл баатыры, республиканын маданиятына эмгек сиңирген мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда туулган, 2013-жылы 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган. Ал 1958-жылдан тартып 22 жыл бою Кыргызстандын Маданият министрлигин жетектеген. 1953-1963-жылдары тышкы иштер министри болгон.

Маркумду эскерүү иш-чаралары былтыр июнь айында да өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG