Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Өзбекстанда камакта отурган Тажикстандын жарандары иштерин кайра карап чыгууну өтүнүшүүдө


Өзбекстандагы абактардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандагы абактардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын түрмөлөрүндө камакта отурган Тажикстандын жарандары иштерин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен эки өлкөнүн бийлигине кайрылышты.

Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда чек араларда кармалып, чыккынчылык айыбы менен узак мөөнөттөргө соттолгон жарандар Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин абал өзгөрүп, иштери кайра каралат деп үмүттөнүшкөн. Бирок алардын ырайым берүү тууралуу буга чейин эки өлкөнүн бийликтерине жолдонгон кайрылуулары жоопсуз калууда.

Тажикстандын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлү коңшу өлкөдө абакта отурган жарандардан кайрылуу болгонун, аларга консультация берилгенин билдирди. «Эгер алар сот өкүмүнө макул эмес болсо, кайра соттук териштирүүгө жана адвокатка укуктары бар экенин айттык. Азыр камактагы тажикстандыктардын көбү иштеп, бул үчүн акча алып жатышат», — деди ал.

Ошол эле маалда элчилик кызматкери бүгүнкү күндө Өзбекстандын түрмөлөрүндө канча тажикстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатканын так айткан жок.

Укук коргоочулардын айтымында, акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилеси жакшырганы менен Ислам Каримовдун тушунда соттолуп, Өзбекстанда камакта отурган чет өлкөлүк жарандардын маселеси чечилбей келет.

XS
SM
MD
LG