Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Шайлоо: Бишкек шаардык кеңешине 27 партия документ тапшырды


Парламенттик шайлоо жана референдумда добуш берүү учуру. 10-январь, 2021-жыл. Кыргызстандагы добушканалардын бири.
Парламенттик шайлоо жана референдумда добуш берүү учуру. 10-январь, 2021-жыл. Кыргызстандагы добушканалардын бири.

Шаардык кеңештерге катыша турган партиялардын документтерин кабыл алуу 2-мартка караган түнү саат 12де аяктады.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы билдиргендей, тиешелүү документтери менен арыздарын 27 партия тапшырды.

Алар: "Кыргызстандын жашылдар" партиясы, "Ыйман Нуру", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуу Журт", "Социал демократтар", "Патриот", "Кыргызстандын элдик демократиялык" партиясы, "Шайлоо эркиндиги", "Ишеним", "Кыргызстан коммунисттер" партиясы, "Ынтымак", "Замандаш", "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясы, "Реформа", "Биздин эл", "Ак Бата", "Кыргызстан жаштар прогрессивдүү" партиясы, "Улутман", "Кыргызстан", "Тынчтык", "Айкөл Кыргызстан", "Республика", "Элдик партия", "Элдик бийлик", "Кыргызстан" социалисттик партиясы, "Ата-Журт Кыргызстан", НДПК партиялары.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште болот. (NT)

XS
SM
MD
LG