Кыргызстан түрдүү өлкөлөр менен бирге транспорттук коридорлорду өнүктүрүп жатканын мамлекет башчы Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 14-саммитинде сүйлөп жатып айтты.
Президент аталган уюм менен кызматташуу алкагындагы Кыргызстандын көздөгөн багыттарын атап, анын ичинде - транспорт тармагы маанилүү экенин белгиледи.
Жапаров соода, транспорт, коммуникация, энергетика, туризм, экономикалык өсүш, социалдык жыргалчылык жана айлана-чөйрө сыяктуу багыттарда стратегияларды иштеп чыгып, аны ишке ашыруу зарылдыгын билдирди.
«Кыргызстан ЭКУга мүчө өлкөлөр менен бирге Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк транспорттук коридорлорун өнүктүрүүгө катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга Ирандын аймагы аркылуу ачык деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары биз ЭКУга мүчө-өлкөлөрдү Европанын жана Кытайдын тышкы базарларына байланыштырган темир жолдун долбоорун илгерилетүүгө өзгөчө маани беребиз. Биз үчүн Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Кытайга чейин жаңы темир жолдун долбоорун ишке ашыруу чоң мааниге ээ», — деди президент.
Жапаров мындан тышкары энергетика, туризм дагы Кыргызстан өнүктүрүүнү көздөгөн багыттар экенин кошумчалады.
Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммити 4-мартта онлайн форматта өттү. Жыйынга Азербайжан, Иран, Казакстан, Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Пакистандын мамлекет башчылары катышты.
Экономикалык кызматташтык уюму - аймактык мамлекеттер аралык уюм. 1985-жылы Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн демилеси менен түзүлгөн.(ZKo)