Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

«Чыныгы мусулман башка динге тил тийгизбейт»


Баткендеги айт намаздарынын биринде тартылган сүрөт. 2019-жыл.
Баткендеги айт намаздарынын биринде тартылган сүрөт. 2019-жыл.

Кыргыз коомчулугунун арасында диний негиздеги талаш-тартыш айрыкча социалдык желеде күчөдү.

Диний маанайдагы тайпаларда же болбосо жеке колдонуучулар тарабынан мусулманчылыкка байланыштуу ар кандай мүнөздөгү посттор, комментарийлер жазылып, кээде виртуалдык дүйнөдө агрессивдүү кайым айтышуулар менен коштолот.

"Биз жана дин" түрмөгүндө сабырдуулуктун Ислам дининдеги орду жана талабын мисалдардын, тарыхый окуялардын негизинде айтып бергенге аракет кылабыз.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен “Аль Азхар” университетинин бүтүрүүчүсү Бактыбек Карашов талкуулашты.

«Чыныгы мусулман башка динге тил тийгизбейт»
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:33 0:00
Түз линк

- Акыркы кезде коомчулук арасында, айрыкча социалдык тармактарда диний негиздеги ар кандай маселерде талаш – тартыш күчөп, коомдун экиге бөлүнгөнү байкалууда. Сиздин оюңузча бул көрүнүш эмнеден кабар берет?

Бактыбек Карашев
Бактыбек Карашев

- Бүгүн бизде аябай актуалдуу болуп жаткан көйгөйдү көтөрүптүрсүз. Бул суроого мен күнүбүздөгү үлкөн аалымдардын биринин сөзү менен жооп берейин. Ал мындай дейт: “Доорубузда мусулмандардын көйгөйлөрү көп. Бирок, алардын арасынан эң негизги үчөө бар. Биринчиси - сабатсыздык. Экинчиси - жакырчылык. Үчүнчүсү - пикир келишпестик. Сабатсыздык дегенди кененирээк айтсак - бул караңгылык, түркөйлүк, наадандык, маданиятсыздык жана башкалар.

Албетте, жакырчылык дегенде ойго биринчи материалдык жакырчылык келет. Жакырчылыктын башка дагы түрлөрү болот. Бул моралдык, руханий, тарбиялык, маданий-этикалык жакырчылык, ой жүгүртүү, талдоо жана пикир жакырчылыгы. Булардын натыйжасында пикир келишпестик, бөлүнүп-жарылуу, талашып-тартышуу келип чыгат. Бүгүнкү күндөгү биздин коомдогу пикир келишпестиктин, талаш- тартыштардын эң негизги себеби мына ушул үчөө.

- Сиз айткан көйгөйлөрдүн баарынын аягы сабырдуулукка барып такалат. Дегеле сабырдуулук деген түшүнүк өз ичине эмнелерди камтыйт?

- “Сабырдуулук деген эмне?” дегенге пайгамбарыбыздын калтырып кеткен насааты (хадиси) менен жооп берейин. Пайгамбар “сага кандайдыр бир нерсенин зыяны тийип жатса да сабыр кылып, адамдар менен мамилени үзбөө бул зыяндан качып, мамилени үзүп салганга караганда жакшыраак” деп айтат. Мындайча айтканда, бизге кандайдыр бир нерсенин моралдык, руханий же дагы башка бир нерсенин зыяны тийип жатса да чыдап, сабыр кылып, адамдар менен мамилени үзбөй чогуу жашоо керек. Себеби, биз бир коомдун мүчөсүбүз. Мына ушул сапатты үйрөнүшүбүз керек болот.

- Жалпысынан исламдагы сабырдуулук, диний чыдамдуулуктун түрлөрү жана ыймандуулардын сыноолору кандай өңүттөрдүн негизинде бааланат?

- Бул жөнүндө ислам дининде, шариатта мындай деп айтылат: диндеги сабырдуулуктун үч түрү бар. Биринчиси - күнөөлөргө каршы сабырдуулук. Мындайча айтканда, Кудай таала тыйган арам күнөө иштерге түшүп калбоо үчүн сабырдуулук, чыдамкайлык кылуу.

Экинчиси - ибадатка карата сабырдуулук. Жаратканга сыйынууда, ибадат кылууда мисалы, намаз окуп жатканда адамдын жалкоолугу кармап калышы же орозо тутканда суусап кетиши мүмкүн дегендей. Аллага табынуу, сыйынуу деп коёбуз. Мына ушул нерседе дагы сабырдуулук көрсөтүү, чыдамкай болуу зарыл.

Үчүнчүсү - жеке адамдын болобу же бир коомдунбу айтор тагдырыбызга, маңдайга жазган же башка келген балээ-кырсыктарга, оорчулук, кыйынчылыктарга карата сабыр кылуу. Сабырдуулук ушундай үч негизги бөлүккө бөлүнөт.

- Динде сабырдуулук маанилүү болгондуктан, ал көптөгөн диний канондордо каралган жана айтылган. Бардык пайгамбарлар, улуу ойчулдар анын зарылчылыгы менен мааниси жөнүндө айтышкан. Деги эле диний сабырдуулуктун жакшы жана жаман жактары жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

- Негизи сабырдуулуктун жаман же жакшысы жок. Сабырдуулуктун баары эле жакшы. Ата-бабаларыбыз бекеринен "сабырдын түбү сары алтын" деп айткан эмес. Ата-бабаларыбыздан калган дагы башка бир сөз бар. Ал "сабырсыздын иши тамырсыз" деп айтылат.

Динибизде сабырдуулук, чыдамкайлык жөнүндө көптөгөн аяттар, толтура хадистер бар. Алардын арасынан бирөөнү эле айтайын "Кудай сабырдуулар менен". Ким сабырдуу, ким чыдамкай болсо, жараткандын ийгилиги, берекети ошолор менен. Өзүнүн бир хадисинде Мухаммед пайгамбарыбыз "Ачууланба, сабырдуу бол, токтоо бол" деген мааниде өзүнүн сөзүн айтып кеткен. Бул аяттарды, хадистерди даанышман кыргыз бир гана кичинекей кыска-нуска "Ачуу душман, акыл дос" деген макалга батырып койгон.

- Дүйнөдөгү диний сабырдуулук менен диний чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөткөн кандай окуяларды мисал катары айта аласыз?

- Мисал келтирүүдөн мурда мен бир нерсени айтайын. Кудай таала өз сөзүндө бизди мусулмандарды мусулман эмес башка дин өкүлдөрүнө, алардын динине, сыйынып жаткан Кудайларына сый-урмат менен мамиле жасоону, акарат келтирбөөнү ыйык Куранда буйруйт. Алардын дини туура же туура эмес экени башка маселе. Бирок биз аларга мусулман катары сый мамиле жасашыбыз керек. Эми элестетиңиз, Куранда башка дин өкүлдөрүнө сый мамиле жасоону буйруп жатса, анда мусулмандар бири-бирине карата кандай сый мамиледе болуш керек? Бул маселенин бир жагы.

Экинчиден, мен мисал менен жооп берейин. XIII кылымда жашап өткөн Жалал ад-Дин Руми деген ойчул философту баарыбыз билебиз. Ал киши акын да болгон. Ал өзүнүн бир ырында “Келгин, кел, биз жакка, сен ким болбогун кел, сен Кудайды тааныбасаң да, христиан болсоң да кел. Кел, келегой биз адамбыз, биз бул жашоого жаңжалдашуу үчүн, талаш - тартыш үчүн келген жокпуз. Кел, менин сүйүүм баарыңарга жетет, ынтымактуу өмүр сүрөлү” дегендей маанини айткан экен.

Ошондо анын жанында турган бир киши Румиге “сен кандай? Каапырга деле айтып, аларды деле сүйө бересиң”, - дейт. Анда Руми “айтып бүттүңбү?” деп тиги кишиге кайрылат. “Ооба, айтып бүттүм” десе, “кел, сен деле кел. Менин сүйүүм сага да жетет” деп жооп берген дешет. Караңызчы, биздин дин мусулмандарга, башка дин өкүлдөрүнө карата кандай сабырдуу, толеранттуу мамиле жасоону үйрөтүп жатат.

- Маегибиздин башында деле айттык, учурда бизде диний сабырдуулук өзүнүн кандайдыр бир чегине жетип, курчуп, өрчүп жатат. Эми кыргыз коомуна диний сабырдуулукту канткенде сиңирип, орното алабыз? Бул багытта сиз кандай рецепттерди сунуштай аласыз?

- Тарыхыбызда имам Ахмад деген бир инсан өткөн. Ушул кишинин айткан бир сөзү бар. Бул сөз бизге сабак болушу керек. Ал киши “динде талашып-тартышуу динсиздикке алып барат” деп айтат. Бүгүн кыргыз коомчулугунда сиз айтып жаткан талашып-тартышууларды, бөлүнүп-жарылууларды, таарынычтарды жоюунун бир нече жолу бар. Биринчиси - биздин коомдун билим деңгээлин, сабаттуулугун жогорулатып, тереңдетиш керек. Сабаттуулукка дүйнөбий да, диний да сабаттуулук кирет. Экинчиси - теоретик эмес, практик мусулман болуш керек.

Аятты, хадисти окуп, угуп билип эле тим болбостон, анда айтылган нерселерди жашоодо колдоно алган мусулман болуш керек. Анан акыркысы - бул ой жүгүртүү, талдоо. Мен эмнени сүйлөп жатам? Эмнени жасап жатам? Жасап жаткан ишимдин акыбети кандай болот деп талдоо жасаганды, өзүбүзгө отчет бергенди үйрөнүшүбүз керек. Анан билимдүү, сабаттуу болсок, талаш-тартыштар өзүнөн-өзү жоюлат. Бул менин жеке пикирим.

- Ушул сиз айткан үч критерий кимдер аркылуу жасалышы керек? Мамлекетпи, коомдук уюмдарбы же диний уюмдарбы?

- Дин адамдардын расасына, улутуна, жынысына, чөйрөсүнө, кесибине, жашына карабастан адамдардын башын бириктирет. Дин ушундай нерсе. Эгерде кайсы бир коомдо адамдар “дин менен жашап жатабыз” деп, бирок алардын башы бирикпей, эки топко бөлүнүп, эки башка сөздү сүйлөп жаткан болсо, бул көрүнүш ошол коомдун диний түшүнүгүнүн тайкы экендигинен кабар берет.

Албетте, маселени чечүү атайын компетенттүү органдардын, тиешелүү органдардын мойнуна жүктөлөт. Мына ушулар реалдуу, эффективдүү чараларды колдонуш керек. Кыргызстандагы мусулмандардын багыт бирдигин, алардын ынтымагын бекемдөө үчүн пландарды, программаларды иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашыруу зарыл.

Пайгамбар Мухаммед алейхи саламдын биз сөз кылып жаткан темага байланыштуу аябай сонун сөздөрү бар. Ал өзүнүн бир хадисинде “адам чындык ал тарапта болсо да талашып-тартышуу деген өнөкөттү таштамайынча, ыйманы чалагайым бойдон кала берет” деп айтыптыр. Караңыз, эмне деген улуу сөз. Башка бир хадисинде “адамдар туура жолду тапкандан кийин, кайрадан адашып тескери жолго кетип калуусунун бирден-бир себеби – бул талашып-тартышуу болот” дейт. Дагы бир хадисте “адамдын мусулманчылыгынын эң көркөм сыпаты – бул ага тиешеси жок, колунан келбеген, эптей албаган нерселер менен алек болбошу керек” дейт.

Диний талаш-тартыштарды 10-20 жыл, керек болсо өмүрүн арнаган дин илиминин атайын адистери талашып-тартышат. Биздин, карапайым калктын талашып-тартышууга моралдык укугубуз жок. Бири-бирибизди сыйлап, тынч жашашыбыз керек. Диний талашып-тартышууга биздин укугубуз жок. Аалымдар талашат. Алар өздөрү этиканы, бардык кепил шарттарды сактап, талашат.

XS
SM
MD
LG