Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг болот


Кыргыз Республикасынын Конституциясы (Иллюстрациялык сүрөт).

Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов “Азаттык” радиосуна билдирди:

"Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна, аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Бул мыйзамсыз. Экинчиден, 80 депутат демилгелеген Конституциянын долбоору 17-ноябрда парламенттин сайтына жарыяланган. Ал Баш мыйзамдын долбооруна 67 өзгөртүү киргизилген. Ал эми февралда жаңы редакция жарыяланды. Ал жаңыдан демилгелениши керек эле. Андай болгон жок. Жогорку Кеңеш ага көз жуумп, каалаганын кылууда. Аларды президент, өкмөт колдоп, бардыгы кылмыш жолуна - бийликти узурпациялоого баратышат", - деди Молдакматов.

Митингде азыркы иштеп жаткан Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулуп, парламент тарашын, президент тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындап жана жаңы келген парламент Конституциянын жаңы долбоорун кеңири талкуулап, эл тандоосун талап кылышмакчы.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ошол эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сынынан кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатында Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документ эки айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG