Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай Apple TV+ компаниясы менен келишимге кол койду. Малала эми мындан ары аялдар жана балдар маселелерине арналган фильмдерди, программаларды даярдап берип турмакчы.
Apple TV 9-мартта билдиргендей, талиптердин кол салуусунан аман калган пакистандык активист кыз телеканал менен узак мөөнөттөгү кызматташтыкка макул болду. 23 жаштагы Малала аялдарды, жаштарды, жазуучулар менен артисттерди колдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна ыраазычылыгын айтты.
“Бул өнөктөштүк аркылуу, мен аркылуу жаштар, кыздар тасмаларды, берүүлөрдү көрүп шыктанышат деп ойлойм", - деди активист.
Өспүрүм кезинде, 2012-жылы кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүп келген Малаланы мектепке бараткан жеринен талип согушкерлери атып кетишкен. Ал ирет Малала өз мекенинде жана чет өлкөдө дарыланып бир нече айдан кийин айыгып чыккан болчу.
2014-жылы кыздардын билим алуусун колдогон кампаниясы үчүн Нобель тынчтык сыйлыгына арзыган.