Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди


Боспиектеги эскерүү. 17-март, 2021-жыл.
Боспиектеги эскерүү. 17-март, 2021-жыл.

Бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

“Шейит мазарда” өткөн эскерүүгө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, маркумдардын урматына тургузулган эстеликке гүл коюп, куран окулду.

Иш-чарага Аксы окуясында жакынын жоготкондор, ошол апааттан жабыркаган жарандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулду.

Абсаттар Сыргабаев чогулгандарга президент Садыр Жапаровдун Аксы окуясына байланыштуу кайрылуу катын окуп берди.

“Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына, өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолорго түрткү болгон тарыхый окуя деп бааласак жаңылышпайбыз. Эркиндик жана акыйкаттык үчүн өлүмдөн да коркпогон карапайым аксылыктар ошол күнү кыргыз элинин эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүп, улут намысын коргоп калышкан. Ушул күнү Аксы окуясында курман болгон жана жараат алган мекендештерибиздин каармандыгын эскеребиз”, - деп жазылган катта.

Аксы окуясы 2002-жылы ошол убактагы бийликтин мыйзамсыз кадамдарына, тактап айтканда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине, аны айтып чыккан депутаттардын камакка алынышына байланыштуу чыккан.

Район борборуна тынчтык митингин өткөрүү үчүн бара жаткан элди Боспиек айылында куралдуу күч түзүмү тосуп чыккан. Кырдаал курчуп, алты адам каза тапкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG