19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден жетиши күтүлөт, күндүз Чүй облусунда кээ бир рйондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…2, күндүз 17…22;
Таласта түнкүсүн -4…1, күндүз 16…21;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7;
Бийик тоолордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градус суук болот.
19-мартта Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° жылуу болот. (BCh)