Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Бишкектеги жаңы конуштарда адатта жаан, кар жааганда бузулган жолдордон басыш мүмкүн болбой калат. (Иллюстрациялык фото)
Бишкектеги жаңы конуштарда адатта жаан, кар жааганда бузулган жолдордон басыш мүмкүн болбой калат. (Иллюстрациялык фото)

«Кыргызгидромет» борбору болжоп жазган маалыматка караганда 23-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу өрөөндөрдө кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…+3 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы +6…+8°, күндүзгү температурасы +18…+20° болот.

XS
SM
MD
LG