Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Коронавирус 73 кишиден аныкталды, анын көбү Бишкекте


Бишкек, 16-июль, 2020-жыл.
Бишкек, 16-июль, 2020-жыл.

Коронавирус боюнча республикалык штабдын 22-мартта берген маалыматы боюнча, акыркы суткада илдет 73 кишиден аныкталды. Алардын көбү Бишкек шаарында – 58 адам.

Ысык-Көл облусунда жети, Жалал-Абадда беш, Ош облусунда эки жана Чүйдө бир киши. COVID-19дан каза болгондор катталган жок.

Коронавирустан, анын ичинде пневмонияны эсепке алганда 38 киши айыгып чыкты.

Ушуну менен Кыргызстанда былтыркы 2020-жылдын 18-мартынан бери COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын жалпы саны 87 462 адамга жетти, 84 223 киши сакайды. 1490 адам илдеттен көз жумду.

Ушул тапта стационарда 446 бейтап дарыланууда. Дарыгерлер, алардын ичинен 125 бейтаптын абалын оор, 19 бейтаптын абалын өтө оор деп баалап жатышат. 360 киши үйүнөн дарыланууда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги буга чейин эл көп катышкан иш-чараларга чектөө киргизүүнү сунуштаган. Министрлик ошондой эле элди беткап тагынып, социалдык аралыкты сактап, санитардык талаптарды бекем карманууга чакырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG