Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд. 800 млн. куб метрге түштү


Токтогул суу сактагычы. (Сүрөт архивден).
Токтогул суу сактагычы. (Сүрөт архивден).

Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 22-мартына карата 8 млрд. 826 млн. куб метрди түздү.

«Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык Токтогул суу сактагычына секундасына 100 куб метр суу агып кирип, 401 куб метр суу агып чыгууда.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 млрд. куб метр суу батат. (BTo)

XS
SM
MD
LG