Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

«Жерүйдө» 18 адамдын тамакка ууланганы тактала баштады


Жерүй кенин орусиялык «Альянс-Алтын» компаниясы иштетет.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы Жерүй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы тууралуу маалыматты иликтей баштады.

Бул факт «Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу» менен электрондук эсепке алуу журналына катталганын облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

21-мартта «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу Султанбек Аманбеков Жерүй кенинде 18 адам тамакка ууланганын жазган. Ал кызматкерлер жумуштан чыгып калуудан коркуп бул тууралуу айтпай жатканын билдирген.

Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы 22-мартта бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түшүндүрмө таратты. Ишкананын маалыматы боюнча, 20-мартта компаниянын медициналык кызматкерлерине ден-соолугуна байланыштуу өзүн начар сезип 15 адам кайрылган. Алардан анализдер алынып Таластын санэпидстанциясына жөнөтүлдү.

«Тесттин жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде белгилүү болот. Биздин компания ички иликтөө ишин баштаган. Бүгүнкү күндө кайрылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык», - деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачкан​. Орусиянын лидери жана ВТБ банктын башчысы Андрей Костин бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышкан болчу.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Альянс алтын» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.

Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда кен Улуу Британиянын «Оксус Голд» компаниясына таандык болгон. Анын өкүлү Шон Дейлиге - бул мамлекеттин жаранына - 2006-жылдын жай айларында Бишкекте 4 ирет ок атылып, ал аман калган. Кийин Шон Дейли анын өмүрүнө кол салууну уюштурган деп Максим Бакиевди сотко берген. Процесс 2017-жылдын жай айларында Лондондо болгон.

Андан мурдараак 2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Шон Дейлиге байланыштуу иш үчүн айыпталган Курманбек Бакиев менен анын баласы Маратты 20 жылга, ал эми Жаныш жана Максим Бакиевдерди өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен өкүм чыгарган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG