Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Евробиримдик «Sputnik V» вакцинасына муктаж эмес


Европа Биримдиги коронавируска каршы Орусияда жасалган «Sputnik V» вакцинасына муктаж эмес. Бул тууралуу Еврокомиссиясынын ички рынок маселелери боюнча комиссары Тьерри Бретон билдирди.

Анын айтымында, биримдикте жамааттык иммунитет пайда болушу үчүн Европада буга чейин катталган төрт вакцина жетиштүү болот. Бретондун маалыматы боюнча, июнга чейин шаркетке мүчө мамлекеттерге 300дөн 350 миллионго чейин доза жеткирилет.

Мындай жол менен июлдун ортосунда “континентте жамааттык иммунитет пайда болот” деп божомолдонууда.

Ошол эле учурда Еврокомиссиянын мүчөсү Орусияга «Sputnik V» жасоого жардам керек болсо шаркет кол сунушу керек экенин кошумчалады. Анын айтымында, Орусияда препаратты чыгарууда маселелер жаралып, орусиялыктарга жетпей жатат.

4-мартта Европадагы дары-дармек агенттиги «Sputnik V» вакцинасын каттоо үчүн экспертиза дайындап, алгачкы даярдыкты жүргүзө баштаганы белгилүү болгон. Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерден Венгрия менен Словакия орус вакцинасын алуу боюнча макулдашса, Чехия менен Хорватия кызыкдарлыгын билдирген. Евробиримдикке каттоодон өтө элек вакцинаны сатып алуу боюнча аракет Словакияда өкмөттүк кризисти жаратып, саламаттык сактоо министринин отставкасын шарттаган.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 7 миллионго жакын адам коронавируска каршы эмделди. Жан башына эсептей келгенде бул сан Европанын көптөгөн мамлекеттерининен төмөн көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG